Урматтуу Кардарлар жана Өнөктөштөр!
«Капитал Банк» ААК индия рупийиндеги (INR) эл аралык SWIFT-которуулар үчүн жаңы тариф киргизилгендигин маалымдайт.
2026-жылдын 08-июлунан тартып индия рупийиндеги (INR) которуулар үчүн төмөнкү тариф белгиленет:
- комиссия — которуунун суммасынан 0,20%;
- минималдуу комиссия — 3 000 INR;
- максималдуу комиссия — 20 000 INR.
Аталган тариф төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
- жеке жактарга;
- юридикалык жактарга;
- жеке ишкерлерге.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.
